| Эңсеген карлыгачым, Эсимден тандырасың. Бактымдай махабатым, Багынтып алдабачы. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Күлкүңдүн шыңк эткени, Жүрөгүм зырп эткени. Үлбүрөп карап койсоң, Үмүтүм жылт эткени. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Көзүмдүн карасындай, Көңүлдүн дабасындай. Жүзүңдү көргүм келет, Жүрөктө санаам тынбай. Кайырма: Шуру, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… |