Датасы: 02.11.2022
Формат: mp3

Сүйдүрдүң сүйкүм жамалың менен
Күтөмүн дайым карааныңды мен
Түшүнчү жаным абалымды сен
Күндөй жаркыган жанарым белең

Кайырма:

Жагымдуу сезим жалындуу кезим
Жашоомдо күткөң жаным эгизим
Жанашып бирге кечели бакыт
Кечели бакыт деңизин

Махабаттыма мас болуп турам
Жан дүйнөм эргип жаз болуп турам
Кыйнаба эми жанымды улам
Кааласаң көктөм айымды сунам

Жаз күнүм болдуң жомоктой келип
Чаңкаган жанга чын сүйүү берип
Өзүңдөн барам бакытты сезип
Кетели бирге дүйнөнү кезип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *