Жамгыр майда-майда болуп, себелеп жатты
Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты.
Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп
Кыялыма түркүн-түркүн ой келди таттуу.
Кайырма:
Узун жолду кыскартыңыз
Ким болот атыңыз?
Тартынчактык кылып жатам
Сөзгө тартыңыз.
Деген сөздү айталбастан, уурдана карайм
Көзүм менен саамайыңды суктана карайм.
Таанышалы ысымың ким, карындашым деп
Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм.
Кайырма:
Узун жолду кыскартыңыз
Ким болот атыңыз?
Тартынчактык кылып жатам
Сөзгө тартыңыз.
Жүрөгүңдү ээлеген бекзаадаң барбы?
Жүдөп кеттим, сүйлөй албай сөз чыкпай калды.
Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп
Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы.
Кайырма:
Узун жолду кыскартыңыз
Ким болот атыңыз?
Тартынчактык кылып жатам
Сөзгө тартыңыз.