Бир кезде Илегилек менен Карга адам болуптур. Ал тургай экөө Кудайдын алдында антташкан достордон болушкан дешет. Кайсы бир күнү Илегилек Карганы конокко чакырат.

– Мен тор салып көп балык кармадым,– дейт Илегилек Каргага.– Келип сый көрүп кет, досум.

– Болуптур досум, барам,– дейт Карга.

Карга токулган себети менен таш балтасын алып, Илегилектикине жөнөдү. Күн суук эле, Карга ачка болучу, андыктан Илегилек кармаган балыктарды ойлоп баратты.

“Илегилек өзү ак көңүл жакшы киши,– деп өзү менен өзү сүйлөштү Карга.– Ушундай досум бары кандай жагымдуу…”

Ошентип келатып бир дарактын коңулуна аарылар  кирип-чыгып жатканын байкай калды.

– Оо! Бул жерде аарынын уюгу бар турбайбы!– кыйкырып жиберди Карга.– Биринчиден ме-ен балга тоюп алайын, ана-ан балык качпайт.

Ал даракты таш балтасы менен кыйып, аарылардын уюгун талкалап, алардын ызылдап талаганына карабай балга тоюп, уюкка эч нерсе калтырбаганы менен Илегилек үчүн бир тамчы да бал алган жок.

– Илегилектин  көп балыгы бар,– деп сүйлөндү ал булакка колун жууп жатып.– А менин бир дагы балыгым жок!

Ошентип Илегилектин турагына жеткенде, анын чоң от жагып көп балык бышырып жатканын көрдү.

– Кел от боюна,– деди Илегилек.– Мен сага көп балык бышырып койдум.

Карга от боюнан орун алып, эң чоң балыкты алып жеп кирди.

Илегилек Карганын даамдуу бышкан балыкты апылдатып жегенин карап, бир кезде анын чачына жабышып калган балды жана өлгөн аарыны көрүп кыйкырып жиберди:

– Ох– оо! Чачыңда жана сен жеп келген бал менен уюгу бузулган аарылар жабышып жүрөт.

Каратору өңү кызарып кеткен Карга эч нерсе деп жооп бере албай, балык жемиш болуп отура берди. Илегилек Карга досун ойлуу карап туруп бир кезде мындай деди:

– Болду менин балыгымды жебегин. Болбосо менин балык уулоодон жолум болбой калат. Сууга торумду жаярым менен балыктар сенин чачыңда жабышып жүргөн аарыны көрүп, коркуп качып кетишет.

Муну укканда Карга колундагы балыкты таштап жиберип, Илегилектин дагы калып сүйлөшүп отуруусун, ойлонулбай айткан кеби үчүн кечирим сураганына карабай, таарынган бойдон жолуна түштү.

Карга бийик тоодогу үңкүрдө жашачу. Ал эми тоонун этегиндеги көлмөнүн боюна ак куулар жумуртка тууп, балапан чыгарышчу. Көлдөн ал өз үйүнө күнүгө ак куунун жумурткаларын ташып жүрүп, акыры итапкан жумуртка чогулганда Илекилек досун чакыртты. Муну укканда досунун өзүнө болгон таарынычы тараганына сүйүнгөн Илекилек Карга жашаган тоого жетип келди.

– Салам досум! Карачы мен сага канча жумуртка чогултуп, бышырдым! Болгондо да ак куунуку!

Илегилек досунун меймандостугуна ыраазы боло оңтойлуу отуруп жумуртка жей баштады.

Ал эми Карга болсо досун сыйлаганына компоюп Илегилекти карап отуруп, анын чачында жашыл кумурскалар жабышып жүргөнүн көрүп кыйкырып жиберди:

– Ох– оо! Сен эмне бул жакка келатканда жашыл кумурска жедиң беле? Эми кантип алардын үстүнөн ак куунун жумурткасын жеп атасың? Сен ошол адам оозго алгыс тамак сөрөй менен аккуунун жумурткасын кантип булгадың? Өмүрүмдө биринчи көрүшүм, ак куунун жумурткасын жегени баратып курт-кумурска жеген немени!– деп Карга баягы Илекилектин өзүн  таарынткандагы өчүн алып кирди.

– Ой мен жолдо келатып кумурска жеген эмесмин,– деп Илекилек карганса дагы болбоду Карга.

Ошентип сөздөн сөз чыгып, экөө урушуп кетишти, болбогон тамакка таарынышып, жакалашканга чейин барышты. Ыйык достукка шек келтиришип, антты бузуп Адамдыктан кеткен үчүн Кудайдын каары тийип, көп өтпөй канаттуу болуп кетишти. Илегилектин апакай жана татына куш болуп калганынын себеби: анын досуна тилеги ак болучу, ал чындап эле жолдо келатып жашыл кумурска жеген эмес эле. Ал эми Карга досун өзүндөй көрүп күнөөлөгөнүнөн улам, көбүрөк кемчилик кетирген үчүн Кудай аны тарп аңдып, кык чокуган каргага айланткан дешет.

Азыр деле байкайсыңарбы, каргалар менен илегилектер эч качан кошулушпайт…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *