Датасы: 22.12.2022
Формат: mp3

Айтпаңыз антип жүрөгүм ооруйт дебеңиз
Таянган тоом жөлөнгөн аскам элеңиз
Кеменгер ишкер керемет жолдор алдыда
Кемибей турсун кебелбей өмүр кемеңиз

Жүрөгүңүзгө жүк болдум бекен ашыкча
Жүрчү элем шерик болсом деп ырыс бакытка
Тынчытып өзүм тымызың тыйып алчу элем
Көңүлдүн кушун көкөлөп сизге ашыккам

Ырымды угуп турмуштук маани бердиңиз
Сагындым десем сабалап жетип келбеңиз
Ырларым менин ырааксыз сүзгөн балыктар
Балыктар менен бактылуу болгун мен деңиз

Жөнөкөй жанмын жөн гана сиз деп жашаган
Жүрөктү кыйнап жөнү жок азап жебеңиз
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *