Датасы: 08.04.2024
Формат: mp3

Кызгалдактай болсо экен сулуу баарына
Кыз издейм Кол жактан Чүйдөн Нарындан
Айкөл кыздар көп дешет мага жарашкан
Айтчы досум үлөнсөмбү же Таластан

Кайырма:

Ар куш сайрашкан Ала-Тоонун арасы
Ак калпагын сыйлаган мен кыргыздын баласы
Күлкү менен ыр менен жылдыз болуп жанамын
Кусалыкты билбеген эрке мүнөз баламын

Барсам бекен Ош менен Джалал-Абадка
Шайыр кыздар көп дешет дал ошол жакта
Күн өткөрүп жүрбөстөн ар кайсы жерде
Күйөө бала болсомбу Баткендиктерге

Кандай кызды жазды экен менин бактыма
Азырынча билбеймин шашам тапканча
Нарын Талас Джалал-Абад мейли Баткендик
Көнсө болду тапканым менин шартыма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *