Апапак жоолук салынып,
Амандык тилейт жалынып.
Алыстан кызым келет деп,ай,
Апакем жүрөт сагынып.
Тарттырбай ал кез жашыңды,
Тал-талдап өргөн чачыңды.
Алсырай түшсөм апакем, ай,
Алдына жөлөйт башымды.
Ар дайым жарык кабагы,
Агарып барат саамайы.
Алпештеп бизди өстүргөн, ай,
Апалар жашоо таалайы.
Алпештеп бизди чоңойткон, аа,
Апакем жашоо таалайым.
Алпештеп мени чоңойткон, аа,
Апакем жашоо таалайым.
Вьшаполрппт мен у меня мен сага жолугушум бар эле көбүрөөк көңүл бурушат мен кеч