Тамсил: карга менен түлкү

29.12.2022 729
Тамсил: карга менен түлкү

Автору: Эзоп

Карга бир кесим этти алып учуп барып бактын бутагы конду. Аны түлкү көрүп калды да этти алгысы келди. Ал бактын жанына барып, карганы мактай баштады:

Карга сен аябай сулуусун, канаттарың жылтырайт, канаттулардын ичинен эң эле акылдуусу да сенсиң. Эгер үңүн болгондо канаттуулардын падышасы болот элең, -деп түлкү карганы карады.

Мактоого жибип кеткен карга, түлкүгө үнү деле бар экенин көрсөткүсү келди. Кааак! – деп катуу кыйкырды. Эти оозунан түшүп кетти. Түлкү этти шып илип кетти, кетип баратып:

– Ой, карга, сени акылдуу деп жүрсө. Падыша болуу үчүн акылдан башка эч нерсе керек эмес. — деп шылдыңдап чуркап кеткен экен.

Тамсил акылсыз адамга карата айтылган.