«Жакшылык жакшылыкты жаратат, ал эми жамандыкка жамандык жабышат»
Ысык күндөрдүн биринде бир карга сууга түшкүсү келип сууга түшүптүр. Муздак сууда жуунуп жатып ал бир суу чаяндын бутун басып алат экен. Буга суу чаяндын абдан жини келиптир да, ачуусун кармай албай карганын бутун катуу кыпчыгычы менен кыпчып алыптыр. Чаяндын аябай катуу кыпчыганына чыдабаган карга:
— Ай ай ай, суу чаян досум, бул эмне кылганын? Бутум ооруп кетти. Коё берчи,-деп жалынат.
Cyy Чаян болсо ачуусун токтото албай:
— Жок, карга дос, сен менин бутумду басып алдың. Мен эми сени жеймин, — дейт Карга болсо:
— Кечирип койчу!? Мен атайлаган жокмун, кокустан басып алдым, байкабай, — деп далай ирет жалынса да суу чаян карганы коё бербей коёт экен.
Мына ушинтип жалынып отуруп көп убакыт өтүп кетиптир. Анан карганын оюна бир амал келет экен. Бул оюн ал чаянга айтып:
— Эгер сен мени коё берсен, мен сага кийиктин этин алып келип берем, — дейт. Муну угаары менен суу чаяндын оозунан шилекейи агып:
— Макул, ошол койгон шартын үчүн мен сени коё берем, — дейт.
Карга ушинтип суу чаяндын кыпчыгычынан кутулуп чыгат да, үйүн көздөй учат. Жолдо учуп баратып, суусап кетет да арыктын жээгине конот. Ошол учурда арыктын жээгин жээктеп түлкү жүргөн болот. Ал карганы көрө калып:
— Ай карга, бул жакта эмне кылып жүрөсүң? — деп сурайт.
— Үйүмө карай баратканмын. Суу ичип алайын деп бул жерге кондум, — деп жооп берет карга.
Түлкү дароо барып аны баса калат. Түлкүнүн астында калган карга:
— Бул эмнеси ай? Мени кое бер! Мен сага эч нерсе кылган жокмун го, — деп түлкүгө жалынат.
Түлкү болсо карганы катуу кармаган бойдон:
— Эми эч жака кете албайсын! Менин курсагым ач. Сени жеймин, — дейт.
Анда карга:
— Мен сенин тишиндин кычыгында эле калып калам. Себеби мен аябай арыкмын. Кааласан мен сени балыктар көп жерге алып барайын. Сен ал жерде бир жыргап курсагынды тойгузасын, — дейт.
Анда түлкү:
— Мен сүзгөндү билбеймин да, — дейт.
Карга:
— Ой түлкү, сен аны эч ойлонбо! Сен куйругунду сууга салып эле жээкте отура бересин. Балыктар келип сенин куйругуна жабышканда шап эле кармайсын да, жей бересин — дейт.
Карга мына ушинтип түлкүнү суу чаяны жашаган жерге алып келет.
Анан түлкүгө карап:
— Эми куйругунду сала берсен болот, — дейт.
Түлкү дароо куйругун сууга салып, балыктарды күтө баштайт. Ушул учурда карга суу чаянына жакын барат да, акырын кулагына:
— Мына, сага кийиктин этин алып келдим. Тез куйругуна асылгын, — дейт.
Суу чаяны уясына карай саландап турган куйрукту «ап» деп тиштеп алат. Куйругу ооруганына чыдабаган түлкү кырган бойдон токойго карап чуркап женейт. Түлкүнүн куйругуна жабышкан суу чаяны да жабышкан бойдон аны менен кошо кетет.
Мына ушинтип түлкү да, суу чаяны да өз жамандыктарынын жазасын алышат экен.