Бир күнү мен чатырчанын астындагы чабалекейдин уясын карап турдум.
Чабалекейдин экөө тең учуп кетишти, уясы бош калды.

Алар учуп жүргөн убакытта чатырчадан бир таранчы учуп келип, уянын үстүнө конду. Эки жагын карап турду да, уянын ичине кирип кетти. Анан уядан башын чыгарып, чыркылдай баштады.

Таранчы менен чабалекей 2

Анын артынан бир аздан кийин уяга чабалекей учуп келди. Ал уяга кирип баратып, уясында отурган «мейманды» көрө коюп, канаты менен отурган ордун бир чапты да учуп кетти.

Таранчы уядан чыккан жок, отуруп алып чыркылдай берди. Чабалекейлер кайра дагы уяга учуп келишип, отурган таранчыны көрүштү да, кайра учуп кетишти.

Алар куру бекер учуп келишкен жок: ар кимиси ооздоруна балчыктан алып келишип, аз-аздан уянын жылчыгын бүтөй беришти. Жылчык кичирее берди.

Адегенде уядан таранчынын мойну жана башы көрүнүп турган эле, андан кийин башы эле көрүнүп калды. Акырында такыр эчтемеси көрүнбөй калды.

Чабалекейлер таранчыны уянын ичине балчык менен бекитип коюшту да, ышкырык менен үйдү тегерене айланып учуп жүрүштү.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр жана жети улак18

Таранчы менен чабалекей: 9 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *