Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын.
Ушул жылы баласыздар бала көрүп,
Базар болуп ордолуу бакылдашсын.
Ар кимдин кылган иши алга жылсын,
Ата-энесин сыйлабасты арбак урсун.
Каржаңдаган карылык эшик какпай,
Кылымдардай жай жылып тура турсун.
Ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар, ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул жылы,
Айыгышып арабызга аралашсын.
Баатыр аты түбөлүк турса деймин,
Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин.
Ылайым чөптөр чыгып, гүлдөр жайнап,
Ырыстын ырын ырдап турса деймин.
Алсыздар алдуу болуп, күчкө толсун.
Жаштын жары жаркылдаган ак болсун.
Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп,
Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун.
Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.

Один комментарий к “Токон Эшбаев — Ак тилек тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *