Биз эми кантер экенбиз,
Жакынбыз жана бөтөнбүз.
Алыстан келсең алдыңдан
Суу алып чыгар бөтөн кыз.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Тагдырдын болду жазганы,
Жар кылып алдым башканы.
Өзүңсүз эми түбөлүк,
Армандын болдум аскары.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
Дайраны билбес кече албайт,
Далайлар сүзүп жете адбайт.
Жалындай жанган сезимди,
Жүрөксүз жандар сезе албайт.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Оромол кышта тон эмес,
Жаш кезден калган бир элес.
Өрт болуп жанган сезимге,
Жүрөксүз гана кенебес.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
Токтобүбү Черикчиева — Оромол тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 4576
Өтө жагат , өзгөчө аткаруучулар жашоолоруна , үнүнө береке