Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.
Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө карай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.
Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сүртүп кеттиң, сыйпап кеттиң жүрөгүмө.

Токтобүбү Черикчиева — Сүйүүңдү сүртүп кеттиң тексти: 17 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *