Төрөлүп кыргызым, бөлөнүп намыска, жаралды, күүлөөнө
Угулуп Чыңгызың, калеми жол сызып жар салды дүйнөгө
Сен ата бабалардын урпагысың, адэй адэй-эй
Сен улуу кыргыздын сыртанысың, адэй
Кайырма:
Тайманбас ташчайнар
Акбара күткөн көкжал бар тамырларыңда ээй
Тайманбас, тайманбас
Дүнүйө күлгө алдырбас, чаптыр алга, ээй
Таң эртеси кайтып келет Ак кемең
Тосуп алат Гүлжамалың ыр термеп
Жер-эне жүзүндө ар бир өткөн күнүң өзү кылым карытаар
Жамгыр төккөн күзү да, суулар ашып сүзүп өткөн Гүлсарың бар
Атадан калган туяк, тууну бекем кармап тургун
Ардагым Дүйшөн сыяктуу бекем тургун, бекем тургун
Саманчынын жолундагы бир ааламсың өзүнчө
Даниярдан күткөн сымал, сага үмүт өзгөчө
Кайырма:
Тайманбас ташчайнар
Акбара күткөн көкжал бар тамырларыңда ээй
Тайманбас, тайманбас
Дүнүйө күлгө алдырбас, чаптыр алга, ээй
Таң эртеси кайтып келет Ак кемең
Тосуп алат Гүлжамалың ыр термеп
Тайманбас, тайманбас
Тайманбас, тайманбас
Тайманбас, тайманбас




