Көрк кошуп жаздын көркүнө,
Көкөлөп гүлдөр желпине.
Көккө учат жаштык кыялым, кыялым,
Көңүлдүн күүсү чертиле.

Эртелеп туруп таңында,
Эмгекке кылып камылга,
Тыныгып бир аз кыз турду,
Тракторунун жанында.

Колдорун бүтүн май кылып,
Мотордун отун жандырып.
Талаанын алпы жаш селки, бер келчи,
Тамылжып жүзүң албырып.

Араңдан зорго батындым,
Атыңдан атап чакырдым.
Күн безеп турсам байкабай, байкабай,
Айдоону көздөй шашылдың.

Суроонун түйнү чечилбей,
Сүйүүнүн сыры сезилбей.
Рулун оңго жиберди имерди,
Мүнөтүн текке кетирбей.

Калк үчүн чамда ишиңди,
Карадым тиктеп изиңди.
Каймана күнгө калтырба калтырба,
Каалаган мендей кишиңди.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *