Турдакун Ниязалиев — Жаңылба тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жашоого жаралдың, эми токтобостон чурка алга карай
Дагы даяр болгон кыйынчылыктар көп, алдыда бир далай
Максатыңа карай койгон ар бир кадам, ийгилик жаратат
Эр жигитти дайым, бийиктикте турган чоң жеңиш саматат

Кайырма:

Жаңылба
Жаңылсаң кайра ошол катага кайталап кайрадан чалынба, чалынба
Чалынсаң кайра тур, элиң бар жаныңда, колдогон элиң бар жаныңда
Жаныңда

Реп:

Эрдик керек жеңсең
Кайрат керек жеңилсең
Ар жигитти кайрап турат
Башка сыноо келсе

Азаматты сүрөйт тура
Кыйынчылык кездер
Сен күчтүүсүң чыдап койгун
Өтөт кыйын кездер

Тигиндей бол бирөө дейт
Момундай бол бирөө дейт
Кыялыңа жете албайсың
Миң адамда миң ой кеп

Муну мынтип койгун дейт
Аны антип койгун дейт
Кыялыңа жолтоо болот
Кыйын сынган сүйлөп кеп

Сен нуруңду чач да
Жакшы кадам ташта
Жылуу сөзүң жан эргитет
Жылмайгандан качпа

Жеңишиңе чамда
Жеңиш менен кайт да
Жеңиш баатыр иши тура
Жалтанбастан башта

Аа сенин күнүң бүгүн бүгүн
Карма тезден бактың бүгүн
Бул өмүрдүн шатын бүгүн
Кетирбестен карма бүгүн

Кайырма:

Жаңылба
Жаңылсаң кайра ошол катага кайталап кайрадан чалынба, чалынба
Чалынсаң кайра тур, элиң бар жаныңда, колдогон элиң бар жаныңда
Жаныңда

Аутро:
Тирүүлүк жалгыз, тилектер сансыз.
Токтобой басып, адашпа жалгыз.
Топтогун күчүң, жылмайып күлгүн.
Өмүрдү сүйгүн, өзүңдү сүйгүн.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти276
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти187
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти116
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти104
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.