Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Сөзү: Абзий Кыдыровдуку,
Обону: Аксуубай Атабаевдики

Бирге бойлоп тоонун булагын,
Бал сөзүңө канган убагым.
Бакытым деп дегдеп жүрчү элең,
Бала кезден,жигит кезден сүйгөн ынагым.

Эске салып айыл арасын,
Боюм түзөп өсүп барамын.
Эгер менде көөнүң бар болсо,
Сыздатпачы,ыйлатпачы жүрөк жарасын.

Бирге жолук чокту салбагын,
Мен айтпаймын андан ары жагын.
Мээримиңе мени гүлдөтчү ,
Махабатым,махабатым сүйгөн ардагым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *