Мага арнап кат жазасың сыялап
А бирок неге бербейсиң
Алгансың жүрөгүмдү уялап
А бирок неге келбейсиң
Кайырма:
Карындаш күлөсүң күлөсүң
Байкеңди кыйнап жүрөсүң
Менин да сүйөрүмдү билесиң
Жүрөгүмдү неге тилесиң
Көздөрүң айтып турат чынында
Бар экен мендик көңүлүң
Ырдалып кала бербей ырымда
Сени менен өтсүн өмүрүм