Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.
Кар кетпес Ала-Тоосунан,
Карасам кийик зоосунан.
Кадимки шумкар экен деп,
Кармасам куштун боосунан.
Калкыңа күндө баргандан,
Капырай, минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылтып өпсөм оозунан.

Один комментарий к “Керим Турапов — Арпанын Ала-Тоосунан тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *