Түгөлбай Казаков — Ак бантик тексти

Көчүрүү (скачать)

Эселек кыз элең бир кезде,
Чачыңа ак бантик байлаган.
Бой жетип кетипсиң бул кезде,
Көркүңө көз таштап, таң калам.

Кайырма:
Нурлуу жүзүң кандай жаркын,
Арманысың кандай жандын?
Чынарым ай, мөлтүрөйсүң эркем,
Тоо булагындай…

Жол жатат созулуп алдыңда,
Азгыраар ар дайым шок күлкүң.
Бой жетип, татына кыз болдуң,
Чачыңда ак бантик жок бүгүн.

Кайырма:

Мезгилге кол создум жалоорун,
Мезгилге эрксизден алдырдым.
Белгисин балалык чагымдын,
Айтчы сен, кай жерде калтырдың?

Кайырма:

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти583
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти63
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти26
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти11
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36