Датасы: 18.04.2020
Формат: mp3

Сен эзсең кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай,
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамаалына.

Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келермин аман болсо да бир көксөө,
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

Түгөлбай Казаков — Ильястын ыры тексти: 2 комментарий

  1. Ырдын текстин көчүрүп жазганда, ката кетириптир. Ырды угуп, текстти окуп бир убакта. Жакшы сайт ачыпсыңар азаматтар…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *