Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күнүм кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай
Эң мыкты ырлардын бири. Түгөлбай агабыздын таланты!!!
Кайрылбастан кете берди
Качан биринчи жолу аткарылган?
Нотасы болсо жөнөтүп койунчу
Нотасы болсо жөнөтүп койунчу