Түгөлбай Казаков — Алтын балалык тексти

Көчүрүү (скачать)

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп,
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

«Кемпир!» десем, мен колуңдан жетелеп,
«Белим, ий!» деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чаалыкты деп мени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.

Кайырма:

Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Кайырма:
Кош бол, балалык,
Бакыт табарсың.
Өмүр өткөнчө,
Ойдо каларсың…

Түгөлбай Казаков Алтын балалык клип

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти436
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти61
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти26
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти21
Толгонай Арзыкеева - Сен менин тексти11
Асанкалый Керимбаев - Көл баяны тексти7
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти7
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти6
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти6
Султан Садыралиев жана Замир Арыкбаев - Кудача кыз тексти6