Түлкү менен карышкыр
Түлкү менен карышкыр

Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды.

Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:

-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам. Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.

«Астында капкан болбосун?» деп шектенген карышкыр анчалык көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.

-Кээде ушинтип кекирейип каласыз… Жебесеңиз өзүм үйгө алып кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды. Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:

-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!

Эртең эрте ушерден,

Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп кетти.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Түлкү менен карышкыр: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *