Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза…
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким, мага эртең бирөө кат жазат.
Отурамын сүйлөбөй да, эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мына дагы жүрөк согуп чечкинсиз,
Мына дагы түшүп барат кан басым.
Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза…
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат.
Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун,
Балким, мага бирөө узун кат жазат…
Түмөнбай Колдошов — Кат тексти
Датасы: 22.09.2020 Көрүүлөр: 1442