Талкалап баарын бүттүң,
Эң назик көңүлдөрдү.
Текебер мүнөзүңө,
Үмүттөр көмүлгөнбү?
Кайырма:
Жүрөктөр сенсиз кагып,
Ыйлады дагы, дагы.
Кол шилтеп кете бердим,
Кош эми сүйүү багы.
Мурдагы жакшы көрүү,
Жашабайт сезимдерде.
Кайрылып келбейм сага,
Көз жашың төгүлгөндө.
Кайырма:
А азыр башка менин,
Жанымдай сүйгөн жарым.
Түбөлүк коштошомун,
Мени эстеп кайгырбагын.
Кайырма:
Түмөнбай Колдошов — Кош эми сүйүү багы тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 7434