Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөштөй.
Кайырма:
Башкабы сенин сыйлаарың,
Башкабы, айтчы кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Соңуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат нөшөр аянбай.
Кайырма:
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.
Жалганбы сүйүү биздеги,
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө,
Арманбы өмүр тизмеги?
Кайырма:
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.
Түмөнбай Колдошов — Неге ыйладың? тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 2298