Датасы: 25.12.2022
Формат: mp3

Он экиде эшик кагылып
Жыл айланып келет жаңырып
Айланабыз турат көрк берип
Аппапакай карды жамынып
Катып жүргөн сыртка чыгарбай
Ичибизде түркүн кыял бар
Жаңы жылда ар бирибиздин
Орун алсын кыялдар

Кайырма:

Жаңы жылым бакыт алып кел
Ар бир үйгө ырыс-таалай бер
Жаңы жылда айтылган каалоо
Аткарылсын тилектер

Дасторконду кенен жайнаттым
Жасалгала кооз балаты
Кубандырып аяз кыз менен
Аяз ата белек таратты
Жетелешип ойноп кыз-бала
Кезек берип бийге ырга да
Узаталы күлкү шат менен
Ырахмат эски жылга да

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *