Датасы: 28.08.2020
Формат: mp3

Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.
Кайырма:
Сиз мага ушунчалык жагасыз да,
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласыз да.
Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым, аргасыз калдым жердин тардыгынан.
Кайырма:
Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
Кайырма:

Умутай Абдышова — Жүрөктө сүйүү боздойт тексти: 2 комментарий

  1. Бул ырды Умутай көркүнө чыгарып ырдаптыр, үнү да сонун экен. Чың ден-соолук, узун өмүр жана бактылуу жашоо каалайм! Оомийин…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *