Сыймык Бейшекеев — Кызганыч тексти

Көчүрүү (скачать)

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.

Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүнө.
Жанаша калсам кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.

Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканда күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти437
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти21
Толгонай Арзыкеева - Сен менин тексти10
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти8
Асанкалый Керимбаев - Көл баяны тексти7
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти6
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти6
Султан Садыралиев жана Замир Арыкбаев - Кудача кыз тексти6