Датасы: 23.03.2022
Формат: mp3

Жарыгым деп сагынарымсың
Жамалым деп көзүңдү
Жоогазыңды жазга теңеп сен
Жактырасың өзүмдү
Билгенсиң жалындаган
Чын дилимсиң таптаза
Башкаларга окшобогон
Эх башкачасың башкача

Жүрөгүңө жактым мен
Жарыгыңмын жакшым сен
Таалайың мен бактым сен
Бактылуумун мен

Сана күтүп самаганыңмын
Сезим туя тилегиң
Жашырсаңда ачык айтпай сен
Жаңырыңды билемин
Көкөлөтүп кадырлаганды
Көңүл самайт көрбөсөм
Башкаларга окшобогон
Эх өзгөчөсүң өзгөчөм

Гүлдөй көрүп гүлгө теңедим
Күндөрүмдү шат кылдың
Кайыл болуп баардыгына сен
Бар дүйнөмдү жактырдың
Кыялымды толуктаганың
Көнүл жөлөйт карааның
Мен жаккан сезимиңе эй
Сен дагы мага жагасың



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *