Ак булутту аралап ай баратат.
Аккуу болуп көлдөгү жай баратат.
Аталбайсын аккууну оңой менен,
Жеталбайсын айга да жел ой менен.
Жеткинчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче арман жакшы.
Жетем десем сулуу ай, жетер элем,
Көк деңизин булуттун ай кечер элем.
Сүзө бергин алтын ай, көгүн менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көл,
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.