Датасы: 27.04.2024
Формат: mp3

Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.

Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.

Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.

Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *