Кара-Шоро — кенен жайлоо, Эс алууга барганга.
Достор менен көңүл ачып, Оюн-күлкү салганга.
Кара-Шоро — кооз жайлоо, Аба салкын, арашан.
Кел, курбулар, бул жайлоого, Эс алууну кааласаң.
Тоо булагы жылт-жылт агып, Күн нуруна урунат.
Анын шаңдуу шыңгырашы, Музыкадай угулат.
Кара-Шоро — жашыл жайлоо,Шибер чөптү жамынган.
Чабандар бар, кой төлдөтүп,Баатыр, орден тагынган.
Замир Арыкбаев — Кара-Шоро тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 11399
Сонун
Сонун
Жакшы
Соонун мындай ырды угуп эле туруш керек
Мага абдан жакты.илгери музыка сабагында ырдачуубуз.
Мага аябай жакты