Апасынын туулган күнү келип калды, бирок Алектин ага белек алганга акчасы жок эле. Ал тургай, ал үчүн майрамдоого да үйдө акча жок болчу.
‒ Эч нерсе эмес, уулум, ‒ деди апасы, ‒ туулган күнүмдү кийинчерээк бир күнү майрамдайбыз.
Алек болсо баары бир апасынын туулган күнүн ушул бүгүн майрамдагысы келди.
«Мен иштеп акча табам да, апама белек алам», ‒ деп
чечти Алек.
Апасы ишке кеткен соң Алек көчөгө чыкты. Айланасынан жумушка шашып өтүп бараткан улуу адамдарды
көрдү. Жакын эле жерде көчө музыканттары ырдап жатышат. Бир кыз флейтада, а башка бирөө кыл кыякта ойноп жаткан.
Ушул кезде Алек бир нерсени ойлоп таба койду. Ал үйүнө чуркап барды да, бир мискейди кучагына кысып, колуна кашык кармап жетип келди. Келди да, музыканттардын жанына тура калып, баягы мискейди кашык менен калдыратып ургулай баштады. Ага бул өзүнүн музыкасы абдан жагып жатты, ал тургай бир кезде бийлеп да кирди.
Ошол кезде: ‒ Эй, токтотчу мунуңду! Сен биздин музыкабызды бузуп жатасың! ‒ деди баягы музыканттардын бири.
‒ Мен апама белек сатып алыш үчүн иштеп акча табышым керек, ‒ деп түшүндүрдү Алек.
‒ Сен иштеп акча табыш үчүн али жашсың, ‒ деп каршы
болду флейтачы кыз ага. ‒ Башка жакка баргын да, өзүңө
орун таап алып, мискейиңди каалашыңча калдырата бер.
Алек аларга таарынды да, мискейин колтугуна кысып ары кетти. Ал жер машинелер токтоп турган жай болчу. Караса, машинелердин баары кир экен. Аларды көрүп, Алекке бир ой келди. Ал үйүнө жөнөдү да, мискейине суу толтуруп, чүпүрөк алып, кайра келди. Анан баягы кир машинени жууп кирди.
Ээси келгенде: «Менин машинем кандай таза болуп калган? Ай, жигит, мен сага канча акча карызмын деп айтат» ‒ деп ойлоду.
Бирок кокусунан: ‒ Эй, бала, жогол бул жерден! Менин
машинемдин жанында эмне кылып жүрөсүң! ‒ деген орой
үндү укту. Алек: ‒ Мен апамдын туулган күнүнө белек сатып
алыш үчүн акча табайын дегемин, ‒ деп түшүндүргүсү келди.
Анда тиги адам: ‒ Акча тапкың келсе, каалаган башка жагыңдан таба бер! ‒ деп кыйкырды.
Алек аргасыз андан ары кетти. Жолдун аркы өйүзүнөн
бир милиционер машиненин айдоочусуна айып салып жатканын көрдү. Аны көрүп, Алекке дагы бир ой келди. Баягы
милиционердин жанына чуркап келди да, кайрадан мискейин кашык менен ургулап кирди.
‒ Акчаңарды алып бул жакка келгиле! ‒ деп кыйкырды
ал айдоочуларга. Аны көрүп, үч машине токтой калды.
‒ Бул жерде кибиреп эмне кылып турасың? Ары болчу!
Минтип жүрсөң, машиненин алдында каласың! ‒ дешти айдоочулар.
Милиционер Алектин далысына колун коюп минтти: ‒ Сен
менин жаныма мискейиңди көтөрүп алып эмне турасың?
‒ Бүгүн апамдын туулган күнү эле, ‒ деп түшүндүргүсү келди Алек, ‒ белек сатып
алуу үчүн акча табайын дегем.
‒ Акчабы? ‒ деп сурады милиционер. ‒ Акчанын сага кереги эмне? Апаңа берер сенин белегиң ‒ ага болгон сүйүүң экенин түшүнбөйсүңбү? Аны акчага эч жерден сатып ала албайсың!
Алек милиционердин сөзүнө ойлонуп калды да, андан ары кетти.
Баары бир ал апасына кандайдыр бир нерсени белек кылгысы келди. Бирок эмнени?…
Кокусунан анын көзүнө муз чолпусу көрүнө калды. Ал суу түтүгүнөн ылдый салаңдап, күндүн нуруна чагылышып,
жаркырап туруптур.
«Эх, бул кандай гана кооз неме! ‒ деп ойлоду Алек. ‒
Аны алпарам да, апама белек кылам. Ал мындай кооз нерсени абдан жакшы көрөт».
Муз чолпу суу түтүгүнө катуу жабышып туруптур. Ошентсе да Алек эки колу менен бекем кармап, жакшылап сындырып алды.
Анан аны мискейине бапестеп салды да, үйгө шашып жөнөдү. Келатып, кайтадан баягы милиционерге кездешип калды.
‒ Мен апама белек алдым! ‒ деди ага кайрылып Алек. Милиционер кол булгалады да, жылмайып койду.
Алек үйгө келип, муз чолпуну муздаткычка салып койду.
Аңгыча апасы да келип калды.
‒ Мен абдан чарчадым, ‒ деп үшкүрүндү апасы. ‒ Кел, балам, батыраак кечки
тамагыбызды ичели да, уктап эс алалы.
Алек эч нерсе дебестен, стол үстүнө эки шамды алып келди. Алардын ортосуна табакка салынган баягы муз чолпуну койду.
‒ Мунуң эмнең? ‒ деди апасы таң калып.
‒ Бул ‒ сиздин туулган күнүңүзгө менин белегим, ‒ деди
Алек сыймыктуу.
Апасы муз чолпуну секин алды да, тили менен жалады.
‒ О-о, абдан даамдуу экен, ‒ деди жылмайып. Анан ал
муз чолпуну тең экиге бөлдү да, бир бөлүгүн табакка са-
лып, Алекке берди, бир бөлүгүн өзүнө калтырды. Алек апа-
сы экөө ошентип, кечки тамагын чогуу ичишти да, соңунда
муз чолпуну ыракаттанып соруп коюп отурушту.
‒ Сага чоң ыракмат! ‒ деп ыраазы болду апасы Алек-
ке. ‒ Качантан берки алган белектеримдин ичинен эң тат-
туусу да, коозу да ушул болду!