Сен көксөгөн жазым элең,
Кол жеткис асыл элең,
Махабат арзуум сен болдуң.
Мен сезимдин жазын күткөм,
Шынаарлап ак сүйүүдөн,
Кошулган жок жүрөгүм өзүңө.
Кайырма:
Сен сүйөм деп алдап мени,
Азгырдың арбап мени,
Азапка таштадың неге сен?
Көрк сөздөрүң жалган беле?
Көңүлдө башка беле?
Көзүмдө жаш, айтчы неге, сен?
Кыш, көктөмүм кышка айланды,
Көңүлүм музга айланды,
Айрылыш тагдырга жазгандай.
Кош, кездешпе эми мага,
Жүрөктө калды жара,
Жалганбы өткөн күндөр, кана?
Кайырма:
Замир Мырза — Армандуу сүйүү тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 234