Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Биз келдик жашамак бар, ай,
Азбы-көппү.
Калтырбай көңүлдөрдү да,
Сактап кеткин.
Бул өмүр бир берилген таалай экен,
Эй, таалай экен.
Алсак дейм аз жашоодон,
Алсак дейм аз жашоодон,
Жашоодон арбын өчтү.
Ичер суу түгөнөр күн,
Качан, качан келет?
Эртеби-кечпи аны, ай,
Кимдер билет?
Жетели тирүүлүктүн кадырына,
Эй, кадырына…
Дүйнөгө болбоптур го,
Дүйнөгө болбоптур го,
Болбоптур эч ким түркүк.
Түбөлүк турбайт тура,
Эч бир, эч бир нерсе.
Не болмок мезгил деген адам жеңсе?
Баарыңды 45 жашка, жүз жыл бою,
Эй, жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем,
Тургузуп коёр элем,
Чиркин, ай, колдон келсе.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *