Датасы: 06.12.2024
Формат: mp3

Сүйүү батпай ичиме

Күндө кирип түшүмө

Багындымбы аттиң ай

Махабаттын күчүнө

Жалын чачып сезимин

Аппак кардай ээридим

Жазга айланып жүрөгүм

Сени таптым шеригим

Жан дүйнөмө жагып кеттиң эй

Сезим отун салып кеттиң эй

Алоолонуп жанып кеттим эй

Сени сүйгөндөн бери

Жүрөгүмдө калып кеттиң эй

Түн уйкумду алып кеттиң эй

Алоолонуп жанып кеттим эй

Сени сүйгөндөн бери

Сылап өткөн жел менен

Көздөрүңө термелем

Жанга дары жагымдуу

Сөздөрүңө эмделем

Жалгыз жүрөк мендеги

Бир өзүңдү эңседи

Сезмек белем сүйүүнү

Сүйбөгөндө мен сени

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *