Датасы: 28.06.2024
Формат: mp3

Мен дагы эле баягымын

Жүрөм алсыз ойлор башкарып

Билип турам жүдөп бүттүм

Жалгыздыктан калдым чарчанып

Унутам деп мен өзүңдү

Кыйнап көрдүм нечен жолу

Айыкпай калгандаймын

Махабаттан кесел болуп

Неге мен сүйдүм экен

Сүйдүм экен сени анчалык

Өчүргөнгө жалындарды

Билбейм канча алым калды

Жүрөгүм сагындырат

Кайыштырып кабыргамды

Бүт баарын алып бүттүң

Жалгыз гана жаным калды

Кайырма

Өчүргөнгө жалындарды

Билбейм канча шайым калды

Кыйнабай жүрөгүмдү

Кетериңден дайын барбы

Бүт баарын алып бүттүң

Жалгыз гана жаным калды

Күндүз менин оюмдасың

Түндө жатып сени түш көрөм

Жүрөгүмдү эзгилеген

Азап болдуң такыр бүтпөгөн

Колду шилтеп бул өмүрдөн

Кетким келет кайып болуп

Муштагым келет башым

Сүйгөн үчүн айып коюп

Амалым калбай анан

Түн жамынам,эки бүктөлөм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *