Жаңы жылды тосолу тексти

Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Жүрөк эргип кагылып,
Санат жеткис жаңылык.
Кирип келет аздан соң,
Жаңы жылым жаңырып.
Жаңы бакыт агылып,
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла баарыңар.
Жаңы жылдын өзүнчө
Айтып бүткүс шаңы бар,
Айтып бүткүс жагы бар
Биз да добуш кошолу
Күлкү менен шат менен
Жаңы жылды тосолу.

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги.
Соолубасын өмүрлөр,
Соо жүрөлү дешели.
Соо жүрөлү дешели.
Үндү бийик созолу,
Күлкү менен шат менен,
Жаңы жылды тосолу.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти507
Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы тексти317
Азиза — Көк жылгаяк тексти307
Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3191
Нурлан Насип - Ата171
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти132
Дилбар Райымбекова — Көл кечи117
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти111
Айпери Кулбаева — Апакем тексти109
Кенже Көбөкова — Кечирип кой тексти79

Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3: 11 комментарий

  1. Саламатсызбы Самара эже менин атым Айгерим мен вокалда окуйм мага жазып коюнузчу мен сизге окшоп ырчы болгум келет

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.