Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Өтөсүң күндө кыйгачтай басып,
Жүрөккө сүйүү учкунун чачып.
Өтөсүң күндө кашыңды кагып,
Жүрөккө сүйүү алоосун чачып.
Кайырма:
Жылдызсыңбы, нур кызсыңбы?
Карегиме кайсы күнү чагылдың?
Издеп жүрөм алоосунан,
Мен жалындын.
Бүт жылуулук, бүт сулуулук,
Ээлеп алды сезимди.
Сапарына, катарына кошуп алды өзүмдү.
Арылып түн, нур чачты күн,
Көктөн нөшөр төккөндөй.
Сезди, жаным, анын талын,
Жароокер кыз өпкөндөй.
Өтөсүң күндө гүл алып колго,
Өтсө деп күндө эки көз жолдо.
Өтө бер күндө, өткөнүң өмүр,
Өрттөсөң дагы өзүңдө көңүл.
Кайырма:

Один комментарий к “Съездбек Искеналиев — Бейтааныш тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *