Датасы: 21.09.2020
Формат: mp3

Эх билбейм неге мынча келесоомун
Эч эле колдон түшпөйт телефонум
Кудайым эле кылган өмүрүмдү
Кой десе болбой сага коротомун
Баягыда бузулганда телефонум
Табылды го кайра менин жоготконум
Ата-эне бала-чака бар экенин
Ошондо билбедимби телефонум

Мен сенсиз жашай албай калчудаймын
Күнү-түнү сени менен кагылайын
Өзүң жок кантип жашап жүрдүм экен
Өчүп калсаң күйгүчөктү сагынамын
Колума тийсе болду телефонум
Кокустан акыл-эсти жоготомун
Оозума тамак келсе даяр болуп
Ооз тийбей отурамын орозомун

Уктаганда жаздыгыма катып жатам
Ойгонсом интернеттин бетин ачам
Инстада отурамын басып лайкты
Ордуман туруп кетпей далай жатам
Достор менен жолугушкан кандай сонун
Бирөө да сүйлөбөйт го баары момун
Баары эле телефонун чукулашат
Кайра эле сага келем телефонум

Сулуулар коюп койсо сүрөттөрүн
Жигиттер илип коет жүрөктөрүн
Көтөрбөй отурабыз башыбызды
Билбей да калчу болдум күн өткөнүн
Эх билбейм неге мынча келесоомун
Эч эле колдон түшпөйт телефонум
Кудайым эле кылган өмүрүмдү
Кой десе болбой сага коротомун


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *