Жүзүң аппак пилланын,
Жибегиндей Паризат.
Караганың Соң-Көлдүн,
Чүрөгүндөй Паризат.
Ойлоп койсом элесиң,
Жүрөгүмдөй Паризат.

Звенондо иштешке,
Келишейин Паризат.
Катар жүрүп пахтаңды,
Теришейин Паризат.
Жүрөгүңдө сырынды,
Бөлүшөйүн Паризат.
Чарчап турсан боюңа,
Ал болоюн Паризат.
Иче турган ашыңа,
Бал болоюн Паризат.
Эки келбейт жаш өмүр,
Жар болоюн Паризат.

Ак пахтаңды аралап,
Жүргөндүрсүң Паризат.
Ак жибекти созултуп,
Түргөндүрсүң Паризат.

Күлгөндүрсүң Паризат.
Паризат оой, Паризат,
Айтканымды эскерип,
Көңүлүңдү бери узат!.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *