Атыңды уксам шаттанам,
Сыймыктанам мактанам.
Саламат эсен жүрөсүңбү.
Садага жаным, жаш чабан.

Кетпейсиң сенсиң оюмда,
Жаш кезде жаштык сонун да.
Дем алган күндөр эстеби,
Шар аккан суунун боюнда.

Сунушкан шерттүү гүл эсте,
Жамгырлуу нешер күн эсте.
Чагылган учуп жарк этсе,
Ыкташа калган түн эсте.

Элестейт кырда турганың,
Угулуп сүйкүм ырларың.
Келишке колун бошобойт,
Төл алып жаткан убагың.

Мезгилдүү келген жаз менен,
Сагынып салам кат берем.
Ийгилик ишиң тилеймин,
Сүйгөнүм чабан, жаш берен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *