Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күӊгө серпкен кулачын
Шаштым кетип бошондосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин тереӊ жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да теӊ шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым алтын туткам, кутманым,
Мен — дүйнөгө сен тургузган эстелик
Жеңишбек Шамшиев — Толгонуу тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 6741
Жакшы Жениш агабыздын уну жаныра берсин. Рекламаларды алып эле койгулачы тоскоол болот экен. Азаматсынар бар болгула.