Жүрөгүңдө сыр бардай
Жүзүң неге албырат
Көп карасаң жаш селки
Көз отуңду талдырат

Сүйсөң сүйүү чырагын,
Жүрөгүмө жандырат
Адаштырат кээ бирде
Сүйүү жолдон тандырат.

Көңүл бөлүп караба.
Көп анчалык кадала,
Көңүл отун козгоду карашың садага,
Сүйсөң тандап бирди сүй
Жылдар өтсүн арада.
Жүдөтпөсүн бул сөзүң
Жүрөгүмдү садага.

Кайраттансаң сүйүүнүн
Келечегин чектегин,
Каны таза жүрөктү
Канжар менен чекпегин.
Жабыры көп махабат,
Женил ойлоп чечпегин,
Жуудуруп көз жаш менен
Жүрөк сырын эзбегин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *