Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Каякта бийик адамдык,
Жарыкка неге жаралдык, ким билет?
Жалындап эми жашагын,
Жакшылык элге жасадың, күн билет?
Жаңы, жаңы, жаңыра,
Ырга, нурга жанды бөлөп дайыма жадыра.
Дагы, дагы, дагы да,
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла.
Кайырма:
Жайнагыла! Ар бир күн айлангыча майрамыңа!
Талбагыла талпынып бакыт кушун кармагыла
Балаңа мурастай, бактарды кулатпай таягыла
Көрк кошот талайыңа!
Жабыкса табигат каяктан табылат аягыла
Өмүрдөй баалагыла!
Уюган алтын оюбуз
Узунбу деги жолубуз ким билет?
Жебедей алга атыла
Кайда барам ашыга түн билет?
Жаңы, жаңы, жаңыра,
Ырга, нурга жанды бөлөп дайыма жадыра.
Дагы, дагы, дагы да,
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла.
Кайырма:
Кара түнгө батып,күйүнбөгүн көңүл чөккөн кезинде
Кабагыңды ачып күн жашасын күйүп-жанып сезимде!
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *