Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин ошол элесиң,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы,менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Аясаңчы менин сүйгөн Тумарым.
Жолдубай Кайыпов — Тумарым тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 366