Мен болбосом ким жаныңа кубат болот
Мен болбосом ким жолуңа чырак болот менден башкага
Мен билемин сенде орун жок
Сен болбосоң ким мени жандай басып
Сен болбосоң ким сүйөө алат сенден ашып
Мен сени жаным башкага койбойм алмашып
Кайырма
Сүйүүдө жаным
Болот да өйдө ылдый
Бирде үшүсө а бирде кайра жылыйт
Түшүнүшпөсө сүйгөнүң анда бир тыйын
Сен болбосоң ким түшүнүп жарым сөздөн
Сен болбосоң ким оюмду окуйт көздөн
Сен болбосоң ким кызганат мени өзгөдөн
Биз болбосок ким сүйүүбүз баркын билет
Жүрөлү жаным
Түгөнбөс бакыт тилеп таттуу өмүрдүн
Канчасы калды ким билет
Сүйүүдө жаным
Болот да өйдө ылдый
Каталар болот
Адам жок идеальный
Мен болбосом ким сен болбосоң ким
Түзөт баарын