Ооруп калды деп угуп капысынан,
Узак болуп күндүн да батышы улам.
Ойлор кечип отурдум өмүр тилеп,
Жол түшсө деп ак таңдын атышынан.
Кайырма:
Ооруу сизден адашсын болуп алыс,
Жакшылыкта жадырап жолугабыз.
Жарык дүйнө бардыгын эске салчы,
Оорусаңыз таарынам, оорубаңыз…
Сиз мен үчүн сыйлуусуз, эбегейсиз,
Балким буга түшүнбөй неге дейсиз.
Ак жүрөктүү асылдар аз болушат,
Сиздей таза, кадамын ченебей түз.
Кайырма:
Билбейм неге мен сизди аяп турам,
Амандыкты чакырып канаат кылам.
Бийиктикке сиз турган шаты коюп,
Бийлик кылып биз сезим баратты улам.
Кайырма:
Жумагүл Раимжан кызы — Оорусаңыз таарынам тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 3301
Саламатсыңарбы ырды туура жазбайсыңарбы
Же ырды жазганды билбейсиңерби баардыгын текшерип анан чыгарбайсыңарбы текшербей эле чыгара бербей билбегенден кийин чыгарбагыла
Саламатсызбы, кечиресиз эмнеси туура эмес экен?